Алай районунда жергиликтүү тургун 20 метрлик жардан кулап кетти

Алай районунда жергиликтүү тургун 20 метрлик жардан кулап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда кырсык тууралуу маалымат кечээ, 12-апрель күнү саат 09:00 чамасында келип түшкөн. Анда Гүлчө айыл аймагынын Курманжан датка айылынын 1957-жылы туулган Ш.А. аттуу тургуну мал жайып жүрүп 20 метрлик жардан кулап кеткени айтылган.

"Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркаган адамды "тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Учурда анын абалы канааттандырарлык", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан