Базар-Коргон районунда болгон катуу шамал 24 турак үйдүн, 3 сарайдын, 1 мектептин шиферлерин учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда 11-апрель күнү саат 23:00дөн 23:15ке чейин катуу шамал болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен.
"12-апрель күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, катуу шамал жалпы 24 турак үйдүн 600 даана шиферин жана 106 чарчы метр тунукесин, 3 сарайдын 93 даана шиферин, 1 мектептин 15 даана шиферин учуруп жараксыз абалга келтиргени аныкталган", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.