Ош шаарында жааган жамгырдан улам арыктарга суу батпай, турак үйлөрдүн короолорун каптоодо

Ош шаарында жааган жамгырдан улам арыктарга суу батпай, турак үйлөрдүн короолорун каптоодо. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"13-апрель күнү Ош шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Алиев, Курманжан датка, Привокзальная, Заднепровская көчөлөрүндө арыктарга суу батпай ашып, турак үйлөрдүн короолоруна жана жер төлөлөрүнө суу кирип жатат. Учурда ӨКМнын Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары аталган даректерде сууну сордуруу иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alibay
2017-04-13 11:08:31
Ооба аябай жаап жатат...эрте менен ишке аран келдим
0
Michelangelo
2017-04-13 14:42:06
Рахмат МЧСтин балдарына жардам берип кетишти..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан