"Манас" аэропортунан Бишкекке келе жаткан жолдогу кырсыктан эки адам каза болду

"Манас" аэропортунан Бишкекке келе жаткан жолдогу кырсыктан эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда кырсык 12-апрель күнү саат 23:30 чамасында аэропорттон келе жаткан жолдо, Комсомол айылына бурулган жерде болгон. Анда Бишкекти көздөй келе жаткан БМВ үлгүсүндөгү унаасы кичи автобус менен сүзүшүп, андан соң жол жээгиндеги даракка урунган.

"Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын ичиндеги 1991-жылы туулган Эмил жана 1991-жылы туулган Исабек ошол жерде каза болушкан. Ал эми кичи автобустун айдоочусу 1990-жылы туулган Жалилдин убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат Патрулдук милициянын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Jako18
2017-04-13 12:09:48
Жараткан бейишин берсин!!!!
+3
adimyrza
2017-04-13 12:10:57
Эх жаш эле балдар экен,акыркы кундору кочку басты,кар басты суу каптады,сел журду,шамал учурду,куйуп кетти,жол кырсык болду деген кабар эле окуп калдык,кыргызыма кырсык басып кырылмай болдукко журок ооруйт эх х,элибизге тынчылык бер Аллахым ыйман ынсап бер
+2
Nur8088
2017-04-13 13:46:00
Кичи автобустун айдоочусун неге камайт. Кызык, мумкун бмв куноолудур.
+1
ere
2017-04-13 15:14:32
Кичи автобустун айдоочусу тирик калса камап салышканго кимиси кунолуу экенин изилдеп туруп камаса болмок
+2
Kroxa
2017-04-13 16:16:21
Бмв куноолу да анын шоферу олуп калса тиги айдоочун камашканго.жаман болуптур..
+1
beka123
2017-04-13 19:23:14
Тунку саат 01;00 чамаларында болгон окуя бул. Кичи автобустун айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткен деп жатышты кырсык болгон жерде кесючинде
+1
rahmed
2017-04-14 02:19:25
Эх
+1
baltabai
2017-04-14 08:02:49
Эх
Жаш
Балдар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан