Мындан 83 жыл мурун, 1934-жылы 13-апрелде Орусиянын Саратов шаарындагы Волга дарыясынын үстүндөгү темир жол көпүрөсү урап, 150 киши каза болгон. Көпүрө 1930-жылы курула баштаган. Кырсык түшкү тамактануу учурунда, көпүрөнү салып иштеп жаткан жумушчулар анын үстүндө тамактанып жатканда болгон. Адамдар 14 метр бийиктиктен муз каптаган дарыяга кулашкан. 1935-жылдын 17-майында узундугу 1730 метрге жеткен көпүрө колдонууга берилген.
13-апрелге карата жылнаама.