Таласта 6-класстын окуучусун сабаган мугалимге кылмыш иши козголду

Таласта мас абалында 6-класстын окуучусун сабаган мугалимге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 16-март күнү Талас районунун Козучак айылындагы М.Мамбетов орто мектебинин Б.М. аттуу мугалими мас абалында 6-класстын окуучусу Т.Бны башка бир канча жолу чапкан. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Т.Бнын ден соолугуна жеңил зыян келтирилгени аныкталган.

"27-март күнү Б.Мга Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси "жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо" боюнча кылмыш иши козголуп, иш Талас РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген", - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ailajoktonkettimai
2017-04-13 17:01:50
Мас абалында? Кантип мас абалында мектепке жумушка келсин! Жалган болушу да мумкун, атын каралоо иретинде!

Биздин убакта мугалимдерден ушунчалык коркуп тураар элек. Комурканага камап саламын деп канча ирет айтты, даярдабаган сабакка даярдандык, коркуп.
Чуюк менен ураар эле, доскага башыбызды урдураар эле, ал нерселер ошол мектеп ичинде калчу эле!

А азыр мугалимдер кайра окуучулардан коркуп турушат!
0
momun74
2017-04-13 18:07:45
Ailajoktonkettimai,мен да сиздей эле мектепте окуганмын бирок кандай болгон кундода мугалим окуучуну урганга акысы жок анан да мугалимдер ар куну сабактан кийин же туш оогон сон мектепте ичмейин башташат андайларлын даалайын кордумго азыр сабак отушпойт региондордогу мугалимдер озгочо жаштар ватсап деген фейзбук деген балееге кирип алып 45 мунотту эптеп откуруп чыгып
кетишет
0
sportsmen.boy
2017-04-13 18:03:40
оа туура айтасын
0
bond02
2017-04-13 20:43:21
Бизде жазасы белгилуу да, жумушунан айдалды дейт и все.
+1
Aidani
2017-04-14 01:15:05
Жакшы болсун деп ургандыр балким мен деле азыр эжейлерге айтып калам неге мени коркутуп уруп окутпагансыздар балким азыр дипломлуу жумуштуу болмокмун деп.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан