Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы жоокерди атып алган аскер кызматкерине "курал-жаракты жана айлана-тегеректегилер үчүн өтө коркунучтуу нерселерди колдонуу эрежелерин бузуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда 12-апрель күнү М.Ж. аттуу аскер кызматкери куралга этиятсыз мамиле кылуунун натыйжасында катардагы жоокер Т.Аны атып алган. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Азыркы тапта М.Ж. кармалып, камакка алынды.
Буга чейин Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы куралга этиятсыз мамиле кылуунун натыйжасында Т.А. өзүн атып алганын билдирген болчу.