Бүгүн, 13-апрель күнү саат 18:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 97-чакырымында, тактап айтканда, Кемин районунда 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда Хонда Одиссей, Мерседес Бенц, Тойота Хайлендер үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Жабыркагандарды Кемин райондук ооруканасына жеткиришкен. Азыркы тапта каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.
Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгы кырсык тууралуу буларды билдирди: "Мерседес Бенц (жүк ташыган унаа) жолдун тайгактыгынан улам каршы тилкеге чыгып, Тойота Хайлендерди сүзгөн. Ал эми Хонда Одиссей жүк ташыган унааны сүзүп токтогон. Кырсыктан улам жеңил унаадагы 4 адам жана жүк ташыган унаадагы 2 адам каза тапкан".