Мындан 8 жыл мурун, 2009-жылы 14-апрелде “Ак жол” партиясынан IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиевди Бишкектеги үйүнүн жанынан атып кетишкен. Кылмышкер депутатты бир ок менен башка атып, максатына жеткен. Шектүү деп саналган Алтынбек Итибаев 20-апрелде кармалып, күнөөсүн моюнуна алган.
Окуя болгон соң 4 жылдан кийин Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча соттун өкүмү чыккан. 2013-жылы февраль айында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту адам өлтүрүүнү аткарган деп табылган Алтынбек Итибаевди өмүр бою эркинен ажыратып, ошол эле кезде тергөө эпизоду боюнча кылмышты уюштуруучу деп саналган Мурас Маташовду актаган.
Белгилей кетсек, Санжар Кадыралиев 1977-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. 2000-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин экономика факультетин аяктап, 2003-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин бүтүргөн. 2002-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Панкратион федерациясынын вице-президенти болуп турган. 2007-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
14-апрелге карата жылнаама.