Кемин районундагы жол кырсыгынан каза болгондордун аты-жөнү такталды (тизме)

Кечээ, 13-апрель күнү саат 18:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 97-чакырымында, тактап айтканда, Кемин районунда 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда Хонда Одиссей, Мерседес Бенц Спринтер, Тойота Хайлендер үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Жабыркагандарды Кемин райондук ооруканасына жеткиришкен.

Кырсыктын кесепетинен каза болгондор:

1. Мерседес Бенц Спринтер унаасынын айдоочусу, Турсуналиев Б.Ш. (Токмок шаарынын тургуну);

2. Мерседес Бенц Спринтер унаасынын жүргүнчүсү, 1964-жылы туулган Эдилбек Исраилов (Токмок шаарынын тургуну)

3. Тойота Хайлендер унаасынын айдоочусу Жунусов Ж.Н;

4. Тойота Хайлендер унаасынын жүргүнчүсү, 1960-жылы туулган Шайгүл Сариева (Нарын шаарынын тургуну);

5. Тойота Хайлендер унаасынын жүргүнчүсү, 1971-жылы туулган Нурбек Сариев (Нарын шаарынын тургуну);

6. Тойота Хайлендер унаасынын жүргүнчүсү, 1979-жылы туулган Тумар Медерова (Нарын шаарынын тургуну).

Ал эми кырсыктын кесепетинен жабыркагандар:

1. Мерседес Бенц Спринтер унаасынын жүргүнчүсү, 1987-жылы туулган Адилет Сазанов (Токмок шаарынын тургуну)

2. Тойота Хайлендер унаасынын жүргүнчүсү, 1977-жылы туулган Нурай Жакыпова (Нарын шаарынын тургуну).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Samat1992SM
2017-04-14 12:48:18
Эх жараткан Аллахым бейишин берсин.Акыркы убакта жол кырсыктары кооп катталчуу болду.Аллахым айттырбай келген ккырсыктан сакта баардык мусульман пендесин.Тойотадагылар кооп кырсыктап кайтыш болгондор экен аябай эле авариянын очогунда калган экен эхххххх......
+4
Sardarakam
2017-04-14 12:55:49
Кудай сактасыыын тоообооо эми кырсык экенда билдирбей келет кырсык деген ушу ?
+2
Nendi15
2017-04-14 12:56:40
Апрель айы өтө оор кандуу ай болду окшойт э көчкү жол кырсыгы жоркерлер милициялар... атып кетти союп кетти,эх акыр заман ушул болсо керек э
+1
baltabai
2017-04-14 13:11:45
Кудай сактасын кырсыктан
+1
Kroxa
2017-04-14 13:23:13
Кырсык каш кабактын ортосунда..бирок Мерседесс акырыныраак жургондо мынча тайгаланса деле акырын барып сузмок катуу баратышкан ошонун кесепети,,орустар айтмакчы тихо едешь дальше поедешь,бат жетебиз деп катуу баратып мына каршы тилкедегилердин да казасы табылды..корксун акырын баратсан да сени келип сузгудой катуу чыгышат го астындан..
+3
Atas
2017-04-14 15:13:18
Oshondo Toyotadagy adamdardyn ichinen biroo ele aman kalgan eken , tezireek aygyp chygyp ketsin , kaza bolgondordun jakyndaryna sabyrduuluk tileim
0
Lonazi95
2017-04-14 16:11:12
Арты кайрылуу болсун Аллахым оз ырайымына алсын Аминь
0
Gyiwak
2017-04-14 18:03:52
2017 жыл негизи эле оор жыл болот окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан