2017-жылдын 8-апрель күнү саат 19:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 79-чакырымында 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, чыгышты көздөй бараткан БМВ үлгүсүндөгү унаа белгисиз себептер менен каршы тилкеге чыгып, Тойота Марк 2 унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң Мерседес унаасына урунган. Катуу соккуга кабылган Тойота Марк 2 унаасы ичиндеги 3 адам менен кошо күйүп кеткен. Ал эми БМВ унаасы бөлүктөргө бөлүнүп, чачырап кеткен. Ичиндеги эки адам ошол жерден каза болушкан. Ошондой эле Мерседес унаасындагы 3 аял жана 3 жаштагы бала денесинен ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышып, ооруканага жеткирилген.
Кырсыктын кесепетинен каза болгондор:
1. БМВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1985-жылы туулган Айбек Дүйшөнбеков (Ысык-Көл районунун тургуну);
2. БМВ үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү, азиат улутундагы аял (аты-жөнү тактала элек);
3. Тойота Марк 2 унаасынын айдоочусу, 1984-жылы туулган Азамат Кененбаев (Бишкек шаарынын тургуну);
4. Тойота Марк 2 унаасынын жүргүнчүсү, 1987-жылы туулган Мирлан Абдумуталипов;
5. Тойота Марк 2 унаасынын жүргүнчүсү, Аскат (аты-жөнү толук тактала элек);
Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар:
1. Мерседес унаасынын айдоочусу, 1977-жылы туулган Асель Күлжыгачова (Бишкек шаарынын тургуну);
2. Мерседес унаасынын жүргүнчүсү, 1987-жылы туулган Нурзат Күлжыгачова (Бишкек шаарынын тургуну);
3. Мерседес унаасынын жүргүнчүсү, 1979-жылы туулган Назира Күлжыгачова (Бишкек шаарынын тургуну);
4. Мерседес унаасынын жүргүнчүсү, 2014-жылы туулган Иса Искендеров (Бишкек шаарынын тургуну).