Рейд: Нарында жашы жете элек өспүрүмдөр иштеп жатышкан кафеге айып пул салынды

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын Нарын аймактык башкармалыгы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн мыйзамсыз оор жумуштарга тартылгандыгын аныктоо боюнча рейд жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарында жайгашкан ашкана, базар жана соода түйүндөрү көзөмөлгө алынды. "Текшерүү учурунда кафелердин биринде бир нече өспүрүмдүн эмгегин пайдалануу фактылары аныкталды. Буга карата аталган жайдын жетекчилигине айып пул салынды жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

"Мамэкотехинспекция мектеп жашындагы өспүрүмдөрдү ар кандай оор жумуштарга тартуу боюнча республикалык деңгээлде текшерүү жүргүзүп жатат. Текшерүүнүн натыйжасында жаш балдарды ар кандай оор жумушка тартуу тыйылбай жатканы байкалды. Андыктан инспекторлор балдардын укугун коргоо багытында коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", - дешет мекемеден.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасында өспүрүмдөрдү оор жумушка тартуу жана эмгегин пайдалануу мыйзамсыз болуп эсептелинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Sabway
2017-04-14 15:24:26
Жакырчылыктын айынан байкуштар иштеп атышат да
+10
evra_kg
2017-04-14 15:47:44
супер инфо акш менен кндр жонундо акыркы жанылыктарды бергилечи сураныч
0
admin_superstan
2017-04-14 16:38:31
evra_kg, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, сунушуңузга рахмат.
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-14 15:58:10
Жон эле койушпайбы мыйзамдуу иш таап бере алышпагандан кийин жакшы оз жеринде иштеп жатышыптыр орустарга кетпей айып пул салынбасын.
+3
Kunbeken
2017-04-14 16:00:26
Ата энеси жана оздлорунун макулдугу менен иштеп жатышкан болсо жакшы эле го. Башка иш таппай калгансып ушуну чукуп чыгышыптыр да
+4
Gena1
2017-04-14 16:02:24
Кафе-ресторандарда официант болуп иштоо - ото деле оор жумуштарга кирбейт го зыяндуу жерлерде иштегенден коро...
+2
Diaza
2017-04-14 16:07:47
Ак эмгек менен иштешип,нан таап жеп жатышса аларга тийишпей эле койбойбу.Же кочодо дайды болуп,бироону тоногондо жакшы болмок беле?
+2
frunze14
2017-04-14 17:53:56
Бирок оспурум балдар деген жери бар, силер оз баланарды ошондой болуп иштешин каалайт беленер?!! 10-12 жаштагы балдарга клиенттер корс, орой тийип, урушуп-согунгондору болот арасында...

Бул кафени жаап салыш керек!!!!! 15-16 жаштагы балдар болсо да мейли эле...
-2
bond02
2017-04-14 18:20:48
Тоодо мал бакканга караганда жакшыраак да.
+1
Atas
2017-04-14 18:34:17
Narynda jakshy dele jumush jok bolso kerek
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан