Жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болгон жаран 17 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Чүй облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү өкүмдү Сокулук райондук соту 2017-жылдын 6-апрель күнү чыгарган.
Айта кетсек, 15 жаштагы Айпери Сүймөнкул кызы "2016-жылдын 21-августунда Сокулук районунун Шалта айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз" деп изделип, 2 айдан кийин Казакстандан табылган. Анын жанында 29 жаштагы Кубанычбек аттуу Ош облусунун тургуну да болгон. Сурак учурунда ал Айпери экөө чек арадан суу кечип өтүшкөнүн жана ал жакта анын макулдугу менен жыныстык катнашта болушканын айткан. Кубанычбекке “16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо” беренеси менен иш козголгон.