Орусиядагы жол кырсыгынан 15 адам жабыркады. Арасында Кыргыз жарандары да бар

Орусиянын Ленинград облусундагы жол кырсыгынан 15 адам жабыркады. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен Тосно районунда болгон. Анда Форд үлгүсүндөгү кичи автобус оор жүк ташуучу унаанын артына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен кичи автобустун 15 жүргүнчүсү жабыркаган. Алардын ичинен бешөөнүн абалы оор.

Айрым маалыматтарга караганда, жол кырсыгына кабылган кичи автобус жол куруп жаткан түрк компаниясына таандык болгон. Жабыркагандардын көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын жарандары.

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги маалымат такталып жатканын, окуя көзөмөлдө экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nur.akturpak
2017-04-14 16:41:07
ICAнын балдарыбы дейм да
0
Kroxa
2017-04-14 16:43:29
Кырсык кырсык,,эле деги кудай сактасын же жардыруу,же авариядан коз жумгандар,оз ажалыбыздан олбойт экенбиз го...
+2
ekaterinburg
2017-04-14 16:50:08
Суук кабар...
0
scorp
2017-04-14 16:54:09
Апрельде коп кыргыздар жол кырсында каза болуп же жабыркап жатат((((
0
Kroxa
2017-04-14 17:31:05
Кайда барба кыргыз бар кайда кырсык болбосун кыргыз бар..тентитип койгон чондорго наалат..
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан