"Манас" аэропортунда Кыргыз жараны күмүштөн жасалган зер буюмдарды аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Р.А. аттуу Кыргыз жараны "Манас" аэропортунда кармалган. Ал күмүштөн жасалган зер буюмдарды Кыргыз Республикасына аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган.
"Зер буюмдардын салмагы 30,9 килограмм. Жалпы баасы 1 миллион 139 миң сомду түзөт. Азыркы тапта топтолгон материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди", - деп айтылат Бажы кызматынын маалыматында.