Мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн Тажик жараны кармалды

Мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн Тажик жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-апрель күнү “Акжол унаа жолу” көзөмөл өткөрүү жайында 1975-жылы туулган К.Л. аттуу Тажик жараны кармалган. Анын чет элдик паспортунда кирүү штампы жок болгон. Териштирүү учурунда кармалган жаран мамлекеттик чек араны өткөрүү жайынан тышкары жерден кесип өткөндүгү аныкталган.

"Кармалган жарандын айтымында, ал Кыргыз Республикасынын аймагына такси менен келген. Ал мамлекеттик чек араны Тажикстандын Гулистан жана Лейлек районунун Арка айылдарынын ортосунан кесип өткөн. Кармалган жаран Орусияга жумуш издөө максатында бара жаткан. Тиешелүү иш-кагаздар толтурулгандан кийин ал УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат чек ара кызматынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
A.K.B
2017-04-14 18:15:49
Паспорт алганы келиптирда анан ...................
+2
Ow.kg
2017-04-14 19:31:36
Биздин чек аралар ото бош
+1
Asel-Subanbekovna
2017-04-14 22:12:19
Ow.kg, Сен барып кайтарып кор да анда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан