Бүгүн, 14-апрелде Бишкектеги Горький - Юнусалиев (Карл Маркс) көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда Степвагон унаасы жол чыракты сүздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, унааны башкарып бара жаткан айдоочунун талмасы кармап калган. Жол кырсыгынын жыйынтыгында ал жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Унаада дагы бир адам болгон, ал жаракат алган жок. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.