Бүгүн, 14-апрелде Орусиянын Ленинград облусунда орун алган жол кырсыгынан жабыркаган 18 адамдын 4өө Кыргыз жарандары. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсыктан жабыркаган Кыргыз жарандары аталган облустагы Тосно клиникалык райондор аралык ооруканага жеткирилди. "Ооруканадан билдиришкендей, жабыркаган Кыргыз жарандарынын бири үйгө коё берилди. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө", - дешти мекемеден.
Айта кетсек, жол кырсыгы бүгүн эртең менен Тосно районунда болгон. Анда Форд үлгүсүндөгү кичи автобус оор жүк ташуучу унаанын артына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен кичи автобустагы жүргүнчүлөр жабыркаган. Алардын ичинен бешөөнүн абалы оор экени айтылган.
Айрым маалыматтарга караганда, жол кырсыгына кабылган кичи автобус жол куруп жаткан түрк компаниясына таандык болгон. Жабыркагандардын көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын жарандары.