Өзгөн районунда жер көчкү бир үйдү басып калды, үйдүн ичинде жалгыз ээси да болгон. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунда 14-апрелде саат 24:00 чамасында Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылындагы Ындыбай тилкесинде жер көчкү түшүп бир турак жайды басып калган.
"Ал участок башта кооптуу аймак деп табылган эмес. Үйдүн ичинде Сүйүнбек Касымов аттуу жаран жалгыз жашап келгендиги аныкталган. Окуя катталган жерге министрликтин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы жана Өзгөн райондук өрт куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу 00:54тө чыгып кетишкен", - деп жазылат маалыматта.
Саат 02:55те Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ, өзүнчө куткаруу отрядынан 35 куткаруучу чыгып кетип, учурда үйдүн ичиндеги адамды издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканы маалым болду.