Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына борбор калаанын жараны анын жер тилкесинен 1 миллион 172 миң сомдук темирлерин уурдап кеткендерге чара көрүү арызы менен кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Темирлер 2016-жылдын октябрь-ноябрь айларында, Тоголок Молдо жана Орозбеков көчөлөрүнүн аралыгындагы жер тилкеден уурдалган. Бул иш боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 164-беренеси менен (уурулук) кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө уурулукка шектүү катары Чүй облусунун 1988-жылкы У.А. аттуу тургуну кармалган. Ал буга чейин да ушул эле 164-берене жана 166-беренеси (алдамчылык) менен соттолгон. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп жазылат маалыматта.
Тергөө иштери улантылууда.