Иранда болгон суу ташкындан 17 адам каза болуп, 20дай адам дайынсыз болуп жатканын өлкөнүн кризистик абалда башкаруу кызматына шилтеме берүү менен ISNA агенттиги жазып чыкты. Мындан сырткары 40тан ашуун адам жабыркаган.
Агенттик жабыркагандардын көпчүлүгү Чыгыш Азербайжан аймагында экенин баса белгилеген. Кризистик абалда башкаруу кызматынын башчысы Исмаил Нажар нөшөрлүү жамгыр Ирандын төрт аймагында: Батыш, Чыгыш Азербайжан, Курдистан жана Зенжанда жума күнү таң атпай башталып, суунун ташкындоосуна алып келгенин айткан.
Учурда жабыркагандарды издөө, куткаруу иштери жүрүүдө.