"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 10 гектар куураган чөп күйдү

Кечээ, 15-апрелде Чүй облусунда 15 гектар куураган чөп күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Пригородное айылынын Васильевский трактында 1 гектар, Таш-Мойнок айыл аймагынын Кызыл-Бирлик айылынын адырында 1 гектар, Таш-Дөбө айылынын "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин жанында 10 гектар, Ысык-Ата районунун Нижняя-Серафимовка айылында 3 гектар куураган чөп күйгөн. Аларды өчүрүүгө жалпысынан 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Жабыркагандар жок.

"Ата-Бейиттеги" өрт саат 19:30 чамасында чыккан. Аны өчүрүүгө өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылып, саат 22:30да өрт толугу менен курчоого алынып, 22:51де толугу менен өчүрүлгөн", - деп билдиришти ӨКМнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мемориалдык комплекс өрттөн жабыркаган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан