Өзгөн районунда жер көчкүнүн астында калган жарандын сөөгү табылды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айыл аймагынын Шамал-Терек айылындагы Ындабай участкасында узундугу 70 метр, туурасы 50 метр, бийиктиги 6 метр жана көлөмү 21000 метр кубду түзгөн жер көчкү түшүп турак үйдү ичиндеги ээси менен басып калган.

Бүгүн, 16-апрелде саат 08:10до көчкү алдында калган адамды издөө куткаруу иштери улантылып, ага чара көрүү үчүн түштүк борборунан 1 даана жүктөгүч жана 1 даана экскаватор, Райондук ИИМден 10 кызматкер тартылган.

"Өзүнчө куткаруу отрядынан 36 куткаруучу, кошумча жергиликтүү тургундардан 10 жаран тартылып, саат 09:30да үй ээси Сүйүнбек Касымовдун денеси табылып, туугандарына өткөрүлдү", - деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан