"Вефанын" жанындагы унаа кырсыгына күнөөлүү делген коомдук транспорттун айдоочусу мас абалда болгон эмес

Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкектеги Байтик баатыр менен Горький көчөсүнүн кесилишиндеги унаа кырсыгына коомдук транспорттун айдоочусу күнөөлүү. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Бишкек ШИИББинен SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалым болгондой, кырсыктан улам эки унаанын айдоочулары жаракат алышкан жок, алар мас абалда болгон эмес. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, кечээ, 16-апрелде саат 18:00дөр чамасында Бишкектеги Байтик баатыр менен Горький көчөсүнүн кесилишиндеги кырсыктын айрым күбөлөрү жол чырак кызыл күйгөн кезде №199-маршруттук таксинин айдоочусу токтобой жолун улантканын айтышкан. "15 жүргүнчүнүн арасынан 9 адам Травматология жана ортопедия илимий борборуна, Республикалык ооруканага жана Балдар ооруканасына 10 жаштагы бир бала жеткирилди", - дешкен дарыгерлер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан