Бүгүн, 17-апрелде Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Майлуу-Суу шаарында жер көчкү болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда саат 12:30дар чамасында Сузак районунун Курганбек айыл аймагындагы Таран-Базар айылында көлөмү 192 000 метр куб жер көчкү түшүп, 8 турак үйгө 300 метр аралык калып кооптуу абал жаралган. Жабыркагандар жок.
Ал эми Майлуу-Суу шаарында саат 10:11лер чамасында алдын ала алынган маалымат боюнча Сары-Бээ айылынын Горнецкая көчөсүндө болжол менен 700 метр куб болгон жер көчкү түшүп ички чарбалык жол жабылган. Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.