Хабаровск шаарында инспекторго 2 миң рубль пара сунуштаган Кыргыз жаранына 10 миң рубль айып пул салынды

Орусиянын Хабаровск шаарында Жол-кайгуул кызматынын инспекторуна пара берүүгө аракеттенген Кыргыз жараны соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, 2016-жылдын 13-ноябрында инспектор автоунааны токтоткон. "Айдоочу мас абалда болгон. Инспектор административдик бузуу жөнүндө протоколду түзүү үчүн айдоочуну кызматтык унаага чакырган. Айдоочу жоопкерчиликтен качуу үчүн инспекторго 2 миң рубль пара сунуштап, акчаны отургучтардын ортосуна салган. Инспектор акчадан баш тартып, бул факт боюнча полицияга арыз жазган. Сот айдоочуга 10 миң рубль айып пул салды", - деп жазышат басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2017-04-17 16:35:08
Кайран гана биздин ГАИлер а, Кыргызстанда болгондо мындай болмок эмес.
+10
zhykyo
2017-04-17 19:12:50
Корктуда кайра сасып коёт деп тын эле иштейин деди да
+2
mrbaxa780
2017-04-18 09:17:43
Бизде да ошондой болсо го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан