Чүй облусундагы Бурана дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, айдоо жерлерди каптоо коркунучу жаралууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жамгыр жаап жаткандыгына байланыштуу Бурана дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, айдоо жерлерди суу каптоо коркунуч жаралган. Азыркы тапта Жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМнын Чүй районундагы бөлүмүнүн адистери алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшүүдө.