Казарман-Акталчат унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 12:30 чамасында Казарман-Акталчат унаа жолунун 73-чакырымында 2 жерден кар көчкү түшкөн. Анын көлөмү болжол менен 2 миң метр куб. Жабыркагандар жок. Каттам убактылуу жабылды. Көчкүнү тазалоо иштерине №18-жол тейлөө ишканасынан 2 техника тартылды.