Бишкекте мас айдоочу жөө адамды сүзүп кетти

17-апрелге караган түнү Бишкекте болгон жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы саат 04:30 чамасында Карасаев жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 1993-жылы туулган айдоочу Ниссан үлгүсүндөгү унаасы менен жолдо кетип бараткан 1991-жылы туулган жаранды сүзүп алган.

"Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Алгачкы текшерүүнүн жыйынтыгында, айдоочунун мас абалда экени аныкталган. Азыркы тапта ал камакка алынып, унаасы айып жайга киргизилди", - дейт Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RusMos76
2017-04-18 00:46:32
КАЧАН ТОКТОЙТ ДЕГИ ИЧИП АЛЫП АЙДАМАЙ
+1
Barchynbek
2017-04-18 02:48:56
RusMos76,омур бойу права решение болгондо.эвропаныкындай кылыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан