Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродо жардырууну уюштурду делинип Орто Азиядан келген 27 жаштагы Аброр Азимов кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына таянып жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, тергөөнүн версиясы боюнча Азимов жанкечти Акбаржон Жалиловду даярдаган. Учурда Азимов сурак берүүдө. Анын жанында тапанча табылганы белгилүү болду.
Эскерте кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында жардыруу болуп, 15 адам каза болгон. Ал эми "Площадь восстания" станциясында калтырылган жарылуучу зат өз убагында табылып, жардыруу ишке ашпай калган. Тергөөнүн версиясы боюнча, терактты Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов жасаган.