Сокулукта "өзүнөн 4 жаш улуу айылдашын өлтүрдү" деп шектелген адам милицияга өзү келди

Чүй облусунун Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-апрелде саат 16:00 чамасында Сокулук районунун Түз айылындагы талаада 1988-жылы туулган жергиликтүү тургун 1984-жылы туулган айылдашын бычактаган. Кан жоготуудан улам жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү адам милицияга өзү келди. Алдын ала маалыматтар боюнча, аны менен айылдашынын ортосунда чыр чыккан. Алар мушташа кетишип, кылмышка шектүү адам айылдашын бычактаган.

Учурда тергөө иштери уланууда. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга отургузулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Patriot...kg
2017-04-18 10:26:19
Эгер озу келген болсо жазасы женилдейби?
+4
kochkor.siti
2017-04-18 12:00:41
Patriot...kg,ооба женилдейт
+1
Alibay
2017-04-18 12:03:09
Эмне Сокулукта жашаган адамдардын жини ото эле иез келеби ,же дайыма жандарына бычак салып журушобу.Уруша кетсе мушташып эле тим калса болот го,бычак менен эле бир сайышат...Эми бироону атасыз,калтырып озу да турмодо жатып...
+3
panda7
2017-04-18 12:43:14
Alibay,алар РОССАМАХАЛАР.
0
Alibay
2017-04-18 13:02:25
panda7,кандайлар дейсиз...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан