Ош шаарында 8500 жасалма доллар пайдаланган жарандар колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Оштогу лотерея оюн-зоок клубдарынын биринин администратору милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында, белгисиз жарандар ири суммадагы лотерея алышып, ойношкондугун, бирок алар кеткенден кийин алардын төлөгөн акчалары жасалма болуп чыккандыгын билдирип, алардын үстүнөн чара көрүп берүүнү суранган.
"Иликтөө иштеринин натыйжасында 38 жаштагы мурда соттолгон Кара-Суу районунун тургуну жана 40 жаштагы жердеши кармалды. Алар өз көрсөтмөлөрүндө аталган акчаны чындап эле уттуруп жиберишкендигин моюнуна алышты. Бирок акчалардын жасалма экендигин билишпегендиктерин, акчаны башка адамдан алышкандыктарын айтышууда. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү эки адамды тергөө амалдары аяктаганга чейин абакта кармоого санкция берилди", - деп айтылат маалыматта.