Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 6 жашар Жанапилов Бекзат Амангелдиевич изделүүдө.
Туугандарынын айтымында, 16-апрель күнү түшкү саат 13:30-14:00дөр чамасында шаардын Пойма бөлүгүндөгү 20-үйдөн эшикке ойноп чыгып кеткен боюнча жоголгон. Жакындары артынан 15 мүнөттөн кийин издеп чыгып таппай калышкан. Бою 120 сантиметр чамасындагы сары бала. Ошол күнү кызыл, кара сызыктары бар жемпир, кара вельвет шым, кара спорт бут кийим кийип жүргөн.
Эгерде кимдир бирөө көрүп калса, Бекзатты чыдамсыздык менен күтүп жаткан ата-энесине байланышуу зарыл. Байланыш телефондор: 0 (772) 15-88-42, 0 (705) 15-88-42, 0 (772) 15-88-40.