Чүй ОИИББи: "Боинг кулаган айылдын тургуну алдамчылыкка шектелип кармалды"

Бүгүн, 18-апрель күнү учак кулаган айылдын тургундары жер маселесин чечип берүү боюнча Ак үйдүн алдына митингге чыгышмак. Бирок аба ырайына байланыштуу митинг башка күнгө жылдырылган. Айрым интернет колдонуучулары "ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери митингдин уюштуруучуларын кармап жатышат" деп жазышкан. Ал эми Капар аттуу жергиликтүү тургун, митингдин уюштуруучуларынын бири Дөлөн Ормонбековду үч күн мурун милиция кармап кеткенин билдирди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, ал жаран алдамчылыкка шектелип кармалганын билдиришти.

"Бүгүн учак кулаган айылда митинг болду. Ал жерде милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактап турушту. Бирок эч кимди кармашкан жок. Ал эми Дөлөн Ормонбеков 14-апрелде эле кармалган. Ал алдамчылыкка шектелип "коомдук бирикменин 90 миң сомго жакын акчасын жеп салган" деп айыпталууда. Учурда ал Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

Буга чейин Боинг кырсыгы болгон айылдын тургундары Ак үйдүн алдында митингге чыгышып, жер маселесин чечип берүү талабын коюшкан.

Эске сала кетсек, 16-январда Чүй облусундагы Аэрофлот дачалык тилкесине Түркиянын жүк ташуучу учагы кулап түшүп, кырсыктын кесепетинен 34 Кыргыз жараны жана 4 экипаж мүчөсү каза тапкан. Кийин кырсыктан жабыркаган 1 адам ооруканадан каза таап, жалпы каза тапкан Кыргыз жарандарынын саны 35ке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Beka1986
2017-04-18 18:30:14
Бийликтин кылганы.Бийликтеги адамдарга тийсин убалынар,элин укпаган бийликке ХХХ!!!
+8
Ajar812
2017-04-18 18:38:19
Суйлогонду камап чыкканды камап барын тумчуктупуп атат да бийлик
+7
kamchatka
2017-04-18 19:50:35
Балык болуп жашагыла биз гана жыргашыбыз керек деп эле ачык айтпаганы калды бул бийликтин!
+9
KGstan1981
2017-04-18 19:55:01
Калп эле азыр Атамбаевти,Бийликти жана КСДПны жамандап чыксан эле сага алдамчылыкка,коррупцияга шектетип камап салышат.
+10
timoha81
2017-04-18 21:45:40
Аябай коп нерсе жазат элем,бирок менде тологудой милиондор жок
+5
aydinnur
2017-04-18 21:46:34
Бир чети туура эмес кылып атат бул митингчилер,чындап кырсыкта жабыркагандардан бирөө да жок булардын арасында...так маалымат бул,кырсыктагандардын бирөөсү теңтуш балам болот.Көбү квартиранттар,ошондогу каза болгон карындаштын бир тууган иниси сөөктү коюп келгенден кийин мага кайрылган"жездем ичет,акчаны кантип биз алсак болот"деп(((сураштырсам жакшынакай эле бала экен күйөөсү...буларды анча-мынча ХХХ саясатчылар колдонуп атат дааа(((
+3
attokur91
2017-04-18 21:59:14
aydinnur, тууру айтасын ошондой деле болуш к.к, жабыркагандар митинге чыккандан уялат болуш к.к, билбейм эми :-/
-4
Barchynbek
2017-04-19 05:53:51
Ана тешип чыккырлар.шылтоо табылды буларга.эми ушу менен бироого шылтоолоп.
Бутуруп койот.
0
zamir0506
2017-04-19 08:12:01
90мин сом эле экенда. Миллиондоп жегенде камабайт беле...
+2
zevs
2017-04-19 09:16:18
Az kaldy erten chogulgan akchanardy alyp jylt koyot too kordunbu jok bee kordunbu jok.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан