Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелип колго түшкөн Аброр Азимовдун агасы да кармалды

"Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродо жардырууну уюштурду" делинип колго түшкөн Аброр Азимовдун агасы 28 жаштагы Акрам Азимов кармалды. Бул тууралуу алардын атасына таянып орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Акрам Азимов Кыргыз жергесинде кармалып, Москвага жөнөтүлдү. Москвада жашаган анын атасы Ахрал Азимов уулдарынын кылмышка тиешеси жок экенин айтууда. "Балдарым жакшы тарбия алышкан. Акрам менен Аброр Москвадагы кафелердин биринде чогуу иштешкен. Алар адамга зыян келтире тургандардан эмес. 28-мартта Акрам Кыргыз жергесине үй-бүлөсүнөн кабар алайын деп жөнөгөн болчу. Аброрду кармоо операциясын видеодон көрдүм, ага тапанчаны карматып коюшкан", - деди журналисттерге атасы.

Эскерте кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында жардыруу болуп, 15 адам каза болгон. Ал эми "Площадь восстания" станциясында калтырылган жарылуучу зат өз убагында табылып, жардыруу ишке ашпай калган. Тергөөнүн версиясы боюнча, терактты Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов жасаган. 17-апрелде Жалиловду даярдап, аталган терактты уюштурду делинип Аброр Азимов кармалган. Сот аны 3-июнга чейин камакка алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
ACAH-AKA.
2017-04-19 08:54:51
Рас кылыптыр камаш керек
-2
Santanna
2017-04-19 17:33:59
ACAH-AKA.,Уже Орустар Кыргыздарды жаман коруп баштаган окшойт Москвада омуру Озбекти албаган жумуштарга толка Озбек гражданин алабыз деп калышыптырго Кыргыздын атын булар булгаганын жарыя кылып чыгышы керек Кыргыздар жаман корунуп уже жумушу Жок калып жатат Москвада
+2
Nur659467
2017-04-19 19:41:44
ACAH-AKA.,көз менен көрбөгөн соң күнөөлүү деп айтуу кыйын
+2
Uson13
2017-04-19 09:00:53
Эмнеге бул жактан кармап Россияга жөнөтөсүңөр биз эмне өзүбүз жазалай албайбызбы же биз автономный республикабызбы
+7
bond02
2017-04-19 09:14:35
Uson13,келишим бар да ошондой, анан бул да болсо Путиндин конулун алуу бир жагы.
+9
ekaterinburg
2017-04-19 09:30:34
Uson13,кылмыш Орусияда жасалган.Орустар жазалайт.Анан дагы Кыргызстан суранса Орусия да откозуп берет кылмышка шектуулорду.Келишим бар ошондой.
+4
KGstan1981
2017-04-19 10:26:34
Uson13,Россиянын жараны болсо жонотот да.Бул жерде келишим бар.
+4
timoha81
2017-04-19 09:53:54
Кайдагы келишимди айтып атасын,кана Батукаевди алалбай эле атышатго.Бизде окмот жана башкалар ото слабый
+4
Real_mir
2017-04-19 10:04:01
Акаев Батукаевди откозуп бербедиго же биз беребиз силербербейсинер деген келишимби?
+7
mir777
2017-04-19 11:39:46
Real_mir,аларды бул жактан сураган ит.е минерлер жок
+2
futboler
2017-04-19 10:31:44
Ошон учун улуту деген графаны киргизгиле паспортко
+9
almanbetperm
2017-04-19 10:32:55
Ошол гражданство алган ХХХ кыргызстандан департ кылып салыш керек,
Эн жакшы жолу ошол
+8
Suzak12
2017-04-19 13:12:15
almanbetperm,Ал сенин ойун.Кыргызбы озбекпи ал мусулман жыргаганынан ал жактын гражданствосун алган жок.
+2
Santanna
2017-04-19 17:37:04
Suzak12,Сакендин тарабын кылбагын ХХХ сенин атынды булгап булар уже Кыргыздарды террорист корсотуп жатат ботон элге,тазале тушунуктуу чымчык болосун ХХХ
+1
almanbetperm
2017-04-19 10:34:23
Россия жакшы дешет,журо беришсин россиядан чыга албай
+2
Erbol03
2017-04-19 14:37:16
Бир жагынан откоруп беришкени деле жакшы болуптур.Биздикилерге беш-он сом карматып койсо кое беришмек.Эми ХХХ жазасын орустар бере беришсин.
+2
Ajar812
2017-04-20 00:47:45
Гражданин Россия учун депорт кылып ГКНБ самалётка салып учуруп жибериптир ажропорттон орустар кармап кетишиптир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан