Өзгөндө жааган жамгырдан улам каналга суу батпай, турак үйлөрдү каптады

Өзгөн районунда жааган жамгырдан улам каналга суу батпай, турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-апрелге караган түнү саат 03:30 чамасында Жылалды айылындагы Жылан-Сай каналынан суу ашып, турак үйлөрдү каптаган.

"Каналга таштандылар толуп, сел суулары батпай калган. Азыркы тапта суунун деңгээли басаңдап, тактоо иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалымат боюнча 23 турак үйдү суу каптап, мал жандыктарды агызган", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
KUDASH_brat
2017-04-19 10:44:15
ии ошого каналды тазалаш керек жаздын алды менен
+2
panda7
2017-04-19 10:58:32
Озгон озгон эле болуп каллы го,
Өткөн жылы Аксы хит болду эле.
-3
Amirov-kutman
2017-04-19 11:51:32
panda7,тобо кылдым де ХХХ
-2
Janymsyn
2017-04-19 11:02:16
Каналга таштанды таштаган кандай адамдар тооба. Жаз келгенине 1жарым ай болуп атат эл башчы, окмоттор ушалап отурушабы? Айылдык шакылдаган депутаттарынар деле карап койбойбу? Коомчулукка конул бурбаган Акимди баш кылып эл башчыларды каш кылып согуш жарыялаш керек коздору ачылат. Эми отургула бутунар жеткен жерге арызданып.
+2
Makain
2017-04-19 11:32:24
Janymsyn, бул жерде озулору куноолуу болгон таштандыларын ошол жака салышат анан суу которулотта.
0
Janymsyn
2017-04-19 12:27:23
Makain,Ошону жергиликтуу бийлик караш керек. Бизде окмот таштандыларды таштоочу жайларды курган. Андан тышкары эл башчылар арыктарды, каналдарды, жолдорду козомолдоп турат. Бул эмес дагы коп нерсе кутулот мындай болсо. Баары суктанган Озгонунорду кор кылыпсынар кыскасы.
0
Nevestkaa
2017-04-19 11:34:31
Жылалды айыл өкмөтүнүн кайсы айылы экен менин жердештерим.
0
Makain
2017-04-19 12:07:02
Nevestkaa,баягы акаларым жашаган айыл ал жакта азыр чал кемпирлер эле калган
0
Nevestkaa
2017-04-19 17:24:37
Makain,акалариң жашаган жерде эле эмес, аяш аваларың байкелериң жашаган жерде дагы бүт баарысы эле чал кемпирлер калган .Мен кабарды жөнөткөн адамдан сурадым кайсы айыл деп сенин эзилме жообуңа терпеть не могу.
0
Aikyn93
2017-04-19 17:38:03
эмнеге ушул Ош жакта эле суу каптап жер титиреп кочку журот Кол Талас Чуй Нарында эчтеке болбойт
0
wirin
2017-04-20 00:09:37
ииии жаман болуптурда кудай сактаа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан