Бишкекте унаа окуучу кызды сүздү

Кечээ, 18-апрелде Бишкекте автоунаа окуучу кызды сүздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалым болгондой, Абдрахманов менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 9-класстын окуучусу жөө жүргүнчүлөр өтчү жол менен басып бара жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаа ага жол бербей сүзүп кеткен. Айдоочу медициналык "Тез жардам" кызматын чакырып, кызды ооруканага жеткирген. Анын унаасы айып жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан