Аламүдүн районунда ширетүү иштерин жүргүзүп жаткан жаран унаасы менен кошо күйүп кетти

Аламүдүн районунда ширетүү иштерин жүргүзүп жаткан жаран унаасы менен кошо күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ, 18-апрель күнү саат 10:30 чамасында болгон. Анда Виноградный айылынын тургуну 1970-жылы туулган Т.А.К. менчик гаражында Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаасын оңдоп жатып, ширетүү иштерин жүргүзгөн. Анын кесепетинен өрт чыгып, унаа толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле унаа оңдоочу чуңкурдан Т.А.Кнын жансыз денеси табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан