Бишкекте жөө адамды сүзүп, качып кеткен Лексус RX 300дүн айдоочусу кармалды

Бишкекте жөө адамды сүзүп, качып кеткен Лексус RX 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

"Кармалган айдоочу Бишкек шаарынын 1986-жылы туулган О.М. аттуу тургуну. Ал кырсык болгон жерден качып кетүүсүн шок абалда болгону менен түшүндүрүүдө. Ал эми жабырлануучунун буту сынган. Азыркы тапта материалдар топтолуп, тергөө амалдары жүрүүдө", - дейт Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Медер Шабданов.

Айта кетсек, 18-апрель күнү саат 08:30 чамасында Бишкектеги Гагарин көчөсүндө белгисиз айдоочу Лексус-300 үлгүсүндөгү унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу 4-ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bilbeim.dordoi
2017-04-19 12:54:00
Жоопко тартат бекен же акчасын алып кайра бошотуп салар бекен эми
+11
Rasul94
2017-04-19 13:25:47
аттарын не айтышпайт о.м дебей
+7
admin_portal
2017-04-19 13:59:16
Artur555, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек
0
jonne
2017-04-19 14:09:38
Явна эле встречнийге чыгып айдап кетип сузуп кетиптир жоопко тартылсын
+7
abusait
2017-04-19 14:11:33
Мас болгонда. Эки кун качып алкогол тараганда колго тушуп берди.
+10
Mirbek730101
2017-04-19 14:57:40
Дагы бир чиновниктин же депутаттын баласы же тууганы эч кандай жазага тартылбай кутулуп кетет
+4
Nevestkaa
2017-04-19 17:12:26
Катуу иштеп баштаган окшойсуңар да жабылуу аяк жабылуу боюнча калчуу эле дейм да.Шок абалда болсо анча катуу кетпесе кк эле,ишенген бирөөсү бардыр да.
+1
kenjebek_a
2017-04-19 18:40:15
Аты жонун толук жазыш керек эле.Же акчасын алып коебериштин жолубу.Кылмышы далилденди,мойнуна алды демек аты жонун толук жазыш керек.Башкаларга сабак болот.Мумкун болсо машинасын номери менен суротун чыгарыш керек.
+2
Truelensk
2017-04-19 22:55:26
Кечирим сурап жакшы дарылап берсе болду да.
0
Kroxa
2017-04-19 23:20:03
Бир чонбайдын баласы да акча менен чыгып кетет,,дагы канчоонун убалына калаар экен..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан