Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү пара алганы үчүн кармалды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү пара алганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымата караганда, 2017-жылдын февраль айында А.Т. аттуу тергөөчү шаар тургунун "алдамчылык боюнча кылмыш ишин козгойм" деп коркутуп, 500 АКШ долларын алган.

"Бул факты боюнча ИИМдин Ички коопсуздук кызматы тергөө амалдарын жүргүзүп, тергөөчү 18-апрель күнү Чүй жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде мурда алган акчанын 400 долларын арыздануучуга кайтарып берип жаткан учурда кармалды", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mederbek0707
2017-04-19 15:51:48
Аты жонон жазсанар болбойбу
+1
Makain
2017-04-19 20:22:48
Кайра кетирип жиберет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан