Мындан 2 жыл мурун, 2015-жылы 19-апрелде Африкадан Европа мамлекеттерине бараткан 850 мигранты бар кеме оодарылып, Жер Ортолук деңизине чөгүп кеткен. Жардамга келген 18 катерге карабастан, 27 гана кишини сактап калууга мүмкүн болуп, 24үнүн жансыз денеси табылган. Себеби алар кеменин төмөнкү бөлүктөрүндө камалышкандыктан, чыгууга мүмкүн болгон эмес. 21-апрелде кеменин капитаны массалык киши өлтүрүүгө айыпталган. Кемеде Сирия, Эритрея, Сомали, Сьерра-Леоне жана Сенегалдын тургундары болгон. Алардын арасында 10-12 жаштагы балдар дагы бар болгон.
19-апрелге карата жылнаама.