Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, 17-апрель саат 08:00 чамасында Панфилов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Кайыңды шаарындагы көчөлөрдүн биринен 40-45 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылганы айтылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, маркумдун киши колдуу болуп өлгөнү аныкталган.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде шектүү катары 44 жаштагы Э.Т. кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.