Кара-Кулжа районунда сел жүрүп, жол каттамы убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Кулжа районунда жааган жаандын кесепетинен бүгүн саат 08:00 чамасында Ылай-Талаа-Гүлчө унаа жолунун 4-2-чакырымында (Көк-Жар чеги) 950 метр куб ылай-таш аралаш сел агындылары куюлуп түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.
"Аталган жол №26-жол тейлөө ишканасынын карамагында турат. Учурда нөшөрлөп жаап жаткан жамгырга байланыштуу тазалоо иштери убактылуу токтотулган. Бирок №26-жол тейлөө ишканасынан 1 даана жүктөгүч Көк-Жар чегинде нөөмөттө турат", - деп билдиришти ӨКМдан.