Сузак районунун Саты айылындагы көпүрө жараксыз абалга келди. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-18-апрель күндөрү жаап өткөн жаан-чачындан улам Сузак районундагы Саты айылында суунун деңгээли көтөрүлүп, 17 кожолукту тейлеген ички чарбалык көпүрөнүн жээгин суу жеп кеткен. Учурда унаалардын каттамы үчүн айланма жол бар.