Мындан 17 жыл мурун, 2000-жылы 19-апрелде Филиппинде аэропортко конордо Боинг-737 учагы кыйроого учураган. Натыйжада учактагы 131 кишинин (124 жүргүнчү, 7 экипаж мүчөсү) баары көз жумган. Учак Филиппиндин борбору Маниладан Минданао аралындагы Давао шаарына учуп бараткан. Боинг-737 деңиз деңгээлинен 400-500 метр бийиктикте кокос плантациясын сүзүп, толугу менен кыйрап калган. Кырсык экипаж мүчөлөрүнүн катасынан улам келип чыккандыгы аныкталган.
19-апрелге карата жылнаама.