УКМКнын №64479-аскер бөлүгүндө катардагы жоокер тепкичтен кулап, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 17-апрель күнү болгон. Анда катардагы жоокер тепкичтен кулап кетип, ооруканага жеткирилген.
"Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ошондой эле кырсыктын келип чыгуу себептери да такталууда. Учурда анын абалы канааттандырарлык. Тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.