"Кара-Көлдө дайынсыз жоголгон 6 жашар Бекзаттын сөөгү табылды" деген маалыматты милиция четке какты

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында дайынсыз жоголгон 6 жашар Бекзат Жанапилов табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, 6 жашар Бекзаттын сөөгү табылгандыгы тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар тароодо. Учурда баланы издөө иштери уланууда.

Айта кетсек, 16-апрель күнү түшкү саат 13:30-14:00дөр чамасында шаардын Пойма бөлүгүндөгү 20-үйдөн эшикке ойноп чыгып кеткен боюнча жоголгон. Жакындары артынан 15 мүнөттөн кийин издеп чыгып таппай калышкан. Бою 120 сантиметр чамасындагы сары бала. Ошол күнү кызыл, кара сызыктары бар жемпир, кара вельвет шым, кара спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Эгерде кимдир бирөө көрүп калса, Бекзатты издеп жаткан ата-энесине байланышуу зарыл. Байланыш телефондор: 0 (772) 15-88-42, 0 (705) 15-88-42, 0 (772) 15-88-40.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ekaterinburg
2017-04-20 09:32:32
Кудай сактасын!Табылып калсын ылайым!
+5
Alibay
2017-04-20 09:53:16
Бойтойгон ширин дессе,аман эсен табыдып калсан экен.Каерде козунду жалдыратып журот экеннсин.Ою бузуктардын колунда болбосон эле болгону...
+6
aerforce
2017-04-20 10:02:39
Нарын дарыядан алысырак жердебекен уйу?
+5
Adil706070
2017-04-20 10:16:02
Табылып калсын жаш бала экен.Аллах аман соо уй-булосуно табылып кайтып келуусуно насип кылсын.
+5
admiral
2017-04-20 10:39:32
Кайжерде болсо да жаны аман болсунчу
+5
Badu88
2017-04-20 12:54:46
Садаган кетейин бойтойгон ширин табылып калса экен аман эсен адашып бир жерлерде жургондур же тааныбаган бир адамдын үйүндө жургондур эмнеси болсо да эсен аман табылсын
+1
altynka95
2017-04-20 15:34:41
Табылып калса экен, помпойгон бала экен
+1
Balam_bakytym
2017-04-20 17:27:48
Аман эсен ата энесинин жанында болушун Аллахым насип этсин ылайым
+1
baltabai
2017-04-23 08:49:30
Tabylyp kalsyn
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан