Кара-Балта шаарында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-апрелде саат 21:00 чамасында Пограничная жана Центральная көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук такси менен Жигули сүзүштү. "Жигули жарым жолдо өчүп калып, айдоочусу унаасын жолдун четине жылдырууга үлгүрбөй калгандыктан, коомдук транспорт Жигулинин капталына сүзгөн. Маршруттук таксидеги жүргүнчүлөр жаракат алышкан жок, ал эми жеңил автоунаада 2 жаш бала болгон. Балдар жеңил жаракат алышкан, аларды "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кеткен", - дешти облустук милициядан.