Венесуэладагы митингде 2 адам каза болуп, 42 адам жаракат алды

Венесуэлада 19-апрелде болгон митингде 2 адам каза болуп, 42 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматтарга ылайык, жалпысынан 400гө жакын адам кармалды. "Нааразычылык акциялардын жүрүшүндө бир аскер кызматкери каза болгону да айтылууда. Мындан тышкары жакын арада дагы башка шаарларда митингдер өтмөкчү", - деп жазышат басылмалар.

Айта кетсек, бул айда Венесуэлада саясий кырдаал курч болууда. Буга чейин оппозиция өкмөткө жана президент Николас Мадурого каршы бир нече акцияларды уюштурган. Оппозициянын нааразычылык акцияларын уюштурууга Жогорку соттун президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча чечими себеп болууда.

Венесуэладагы митингде 42 адам жаракат алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ali-han
2017-04-20 15:02:54
Биринчи президенттин убагында жашоосу жакшы болчу булардын.
0
HAKER-KG
2017-04-21 03:04:12
Бизде ушунча адам чыкса ашаны жарымы эле кууп чыгат булар ХХХ
0
nur_zhoni
2017-04-26 00:19:05
HAKER-KG, бизде ушунча адам чыкса аша озу эле кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан