"Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурган" деп шектелип кармалган Аброр Азимов Орусия жарандыгын атасы аркылуу алган. Бул тууралуу "РИА Новости" маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Аброр Азимов 2013-жылы Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгып, ошол эле жылы Орусиянын жарандыгын алган. Анткени ошол учурда Азимовдун атасы Орусиянын жараны болчу. Мыйзамга ылайык, ата-энесинин бири Орусиянын жараны болуп, туруктуу жашаган каттоосу болсо кызы же баласы жарандык ала алышат.
Орусиянын Оштогу генералдык консулу Роман Свистиндин айтымында, Азимовго Орусиянын жарандыгын берүүдө бардык маалыматтар дыкат текшерилген. Ошол учурда ага жарандыкты бербей коюуга негиз жок болгон.
Эскерте кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында жардыруу болуп, жанкечти менен кошо 14 адам каза болгон. Ошондой эле 49 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Ал эми "Площадь восстания" станциясында калтырылган жарылуучу зат өз убагында табылып, жардыруу ишке ашпай калган. Тергөөнүн версиясы боюнча, терактты Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов жасаган. "Санкт-Петербург шаарындагы метродо болгон жардырууну уюштурган" деп шектелип Аброр Азимов кармалган.